КИНО ИСКУССТВОСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́НО ИСКУССТВОСУ – көркөм чыгармачы­лыктын бир түрү; өзүнүн өзгөчөлүгүнө ылайык адабият менен театрдын, сүрөт өнөрүнүн, музыканын көркөм касиеттерин сиңирип пайда болгон жана өнүккөн синтездүү искусство. Искусствонун башка түр­лөрүндөй эле кино искусствосу да турмуш чындыгын чагыл­дырат. Жаңы тасманы жаратууда кинодрама­тург, режиссёр, актёрлор, оператор, сүрөтчү, ком­позитор, түрдүү аппаратура, аспаптарды башкар­ган техника адистери катышат. Кино искусствосу негизинен көр­көм тасма, даректүү кино, мультипликация­лык тасма жана илимий-популярдуу кино болуп бөлүнөт. Тасма чыгаруу жана аны көрүүчүлөргө тартуулоо – чыгармачылык жана уюштуруу ишин та­лап кылган татаал процесс. Кино искусствосунун өнүгүү тарыхы шарттуу түрдө 4 мезгилге бөлүнөт. Б и­ р и н ч и мезгил бир тууган Луи Жан жана Огюст Луи Люмьер­лер «жандуу фотографияны» ойлоп тапкандан тартып (1895) биринчи дүйнөлүк согуш (1914–1918) бүткөнгө чейинки учурду камтыйт. Алгач­кы тасмаларда окуя бир жерде тартылып, ак­тёрлор театр техникасын, адабият менен театр таж­рыйбасын, цирк аттракционунун ыкмасын пайдаланган. Кино искусствосунун алгачкы өнүгүшүнө режиссёрлор Ж. Ме­льес, М. Линдер (Франция), Я. Протазанов, В. Гардин (Россия), Д. Гриффит, Ч. Чаплин (Америка Кошмо Штаттары) чоң салым кошкон. Э к и н ч и мезгил. 1920-жылдары «үнсүз» кино өз алдынча искусст­во катары калыптанган. Хроникалуу даректүү тасма менен тарыхый революциялык монтаждуу тасма чыгарылган. Ү ч ү н ч ү мезгил 1930–1940-жылдарды камтыйт. Бул мезгилде кино тасма­га үн жазуу техникасы киргизилген. Кино драма­тургия өсүп, үндүү кинонун пайда болушу актёр­лордун чыгармачылыгына кеңири жол ачкан. Т ө р­ т ү н ч ү мезгил. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин кинонун өнүгүшүнүн жаңы мезгили башталган. Бул жылдары кино техниканын мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши менен көркөм кара­жаттар көбөйгөн. Түстүү кино тартуу башталып, кең экрандуу жана панорамалуу тасмалар пайда болгон. Кең экрандуу тасмаларда стерео үн кол­донулат. Тасма, эреже катары, коллективдүү эмгектин натыйжасы болуп саналат, ага сцена­рист, режиссёр, оператор, сүрөтчү, композитор, монтаждоочу, көркөм тасмада актёрлор, ошондой эле бир катар чыгармачылык, техникалык жана администрациялык кызматкерлер катышат. Чыгармачылык процессте негизги роль режиссёрго таандык. Кыргызстанда кино тартуу 1942-жылы башталган, к. «Кыргызфильм».

Ад.: Первый век кино. М., 1996; Зоркая Н. М. Ис­тория советского кино. М., 2005.