КИНДИК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИНДИК – адамдын ж-а сүт эмүүчү жаныбарлардын түйүлдүгүн эне организми м-н туташтыруучу (чөбү же тону аркылуу) анатомиялык түзүлүш.
Адамдын киндигинин узундугу 50–60 см, жоондугу – 1,5 смге чейин. Киндиктин кескен жеринин калган калдыгы түшкөндө, курсактын ортосунда тырык (чуңкур) пайда болот. Ал толук айыкпаса, кээде киндик чуркусу болуп, аны таңып байлоо ж-а операция жолу м-н айыктырат.