КИНДИА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИ́НДИА – Гвинеянын түштүк-батышындагы ири шаар. Киндиа префектурасынын административдик борбору. Калкы 228 миң (2013). Шаар 1904-жылы француздар тарабынан Киндиа – Конакри темир жолунун курулушуна байланыштуу негизделген. Француздук Батыш Африканын, 1958-жылдан көз каранды эмес Гвинеянын курамына кирген. Колдонмо биология ж-а Пастер институттары (1948), агрономия изилдөө борбору, Микробиология ж-а вирусология илимий лабораториясы ж. б. бар. Киндиа айыл чарба продуктуларынын (дан эгиндери, жемиш, мал) ири соода борбору. Тамак-аш (жемиш консервалары ж-а ширелери) өнөр жай ишканалары иштейт. Жыгач иштетилет.