КИНГСТОН (Канададагы шаар)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КИНГСТОН 2 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́НГСТОН – Канаданын түштүк-чыгыш бөлүгүн­дөгү шаар. Онтарио провинциясында. Онтарио көлүнүн түндүк-чыгыш жээгинде, Ыйык Лаврен­тий дарыясынын башатына жакын жайгашкан. Кал­кы 123 миң (2011; агломерациясында 160 миң). Маанилүү жол (автомобиль, суу ж-а темир жол магис­тралдары кесилишет) тоому. Француздар тара­бынан соода факториясы ж-а форт катары 1673-жылы негизделген. 1846-жылдан шаар. 1998-жылы анын курамына кошуна округдар (Кингстон ж-а Питтсбург) кирген. 19-кылымдагы британ чептери (анын ичинде Форт-Генри; Ридо каналына кирүүнү коргоо үчүн салынган) ж-а канал Бүткүл дүйнө­лүк мурастын тизмесине киргизилген. Неого­тика стилиндеги Кудай эне собору (1843–48), мэрия имараты (1842–44) сакталган. Король ун­иверситети (1841), Канада король аскер коллежи (1876), сүрөт галереясы, музейлер (геологиялык, минералдык, кри­минология, деңиз ж. б.), Эл аралык муз үстүндө­гү хоккей федерациясы (1965), театр (симфониялык ор­кестр иштейт) бар. Жыл сайын канадалык кино (2001) ж-а эл аралык жаз музыка фестивалда­ры өткөрүлүп турат.