КИНГСТОН (Норфолк аралынын борбору)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КИНГСТОН 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́НГСТОН – Австралия ээлиги Норфолк аралынын административдик борбору. Аралдын түштүгүндө, Фижи де­ңизиндеги Эмили бухтасынын жээгинде жай­гашкан. Калкы 0,9 миң (2008). Кингстонго жакын жер­де эл аралык аэропорт бар. Британиялык лей­тенант Ф. Г. Кинг тарабынан 1788-жылы абак шаарчасы (1814-жылга чейин) катары негизделген. 1825-жылы тартиби өтө катаал ж-а шарты оор жа­ңы абак түзүлгөн. 1855-жылы коомдун каршылы­гынын негизинде ал абак жабылган. Норфолк аралынын кеңири автономиясы токтотулгандан кийин (1856-жылы 1-январь), Кингстон – анын административдик бор­бору. 1850-жылдар аягында кит уулоо үчүн пай­даланып, калкы аз калган. Кингстондо Норфолктун административдик мекемелери, губернатордун резиденциясы, аралдын администрациясынын имараты, өк­мөттүн жыйындар залы, сот имараты бар. 20- кылымдын 2-жарымынан аралдын администрация­сы эски курулуштарды сактап, калыбына кел­тирүү үчүн чара көрө баштаган. Норфолк аралынын музейи уюштурулган. Калкы негизинен турист­терди тейлейт. Жеңил, тамак-аш өнөр жайы иштейт.