КИНГСТОН (Ямайка мамлекетинин борбору)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́НГСТОН – Ямайка мамлекетинин борбору, шаар. Ямайка аралынын түштүк-батыш бөлүгүндө, дөң­сөөлүү түздүктө, Кариб деңизинин жээгинде жай­гашкан. Калкы 937 7 миң (2025). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту (жылына 18 млн т жүк ташылат). Жыл сайын август–октябрда ураган болуп турат. Өлкөнүн маанилүү соода-

Шаардын борбордук бөлүгү.

экономикалык борбору ж-а Кариб деңизиндеги ири порт. Британиялык келгиндер тарабынан 1693-жылы не­гизделген. 1703-жылы өрттөн жапа чеккен. 1872-жылы Ямайканын административдик борбору статусуна ээ болгон. 1944-жылы Кингстондо Ямайканын жаңы конституциясы кабыл алынып, 1950-жылдардын аяк ченинде Вест-Индия федерациясынын курамына кирги­зилип, арал өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ бол­гон. 1962-жылы августта Ямайка көз каранды эмес­тикке ээ болгондон анын борбору. Кингстондун борбо­рунда заманбап курулуштар курулган. Чыгы­шында Рокфорт чеби (17-кылым), Сент-Томас чир­көөсү, парламент үйү (18-кылым) ж. б. бар. Өлкөнүн ишкер, ири экономикалык ж-а финансы борбору. Ири компаниялардын штаб-квартиралары жайгаш­кан. Нефть ажыратуу (суткасына 35 миң бар­рель; Венесуэла м-н Мексикадан алат), айыл чарба про­дуктуларын кайра иштетүүчү, тамеки, же­ңил, тамак-аш (пиво, ром, кофе) ө. ж. ишкана­лары, бал камыштан этил спиртин алуучу 2 завод (жылына 220 млн л; үчүнчүсү курулууда) иш­тейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү (белек-бечкек­терди даярдайт) өнүккөн. Кингстон – баңгизаттарды (марихуана, кокаин, героин) жашыруун өндү­рүүнүн ири борбору. Институттар [анын ичинде Ямайка ин­ституту (1879)], технологиялык университет (1958), музейлер (анын ичинде аскер, Боба Марли), улуттук галерея бар. Бо­таникалык бак уюштурулган. Кариб деңизинин бас­сейниндеги өнүккөн туризмдин ири борборло­рунун бири (негизинен АКШдан келет; 65%).