КИММЕРИЙЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИММЕРИЙЛЕР – б. з. ч. 8–7-кылымдарда кыязы Чы­гыш Европанын талааларын жердеген көчмөн эл. Аккаддык, антикалык ж-а Библия булак­тары боюнча алар б. з. ч. 8–7-кылымдарда Чыгыш Европа өрөөндөрүн жердеген. Алгач киммерийлер жөнүндө ассирия бу­лактарында эскерилет. 715–714-жылдарда Ассирия па­дышасы Саргон IIнин Урарту падышасы – Рус Iнин жеңишине байланышту эскерилет. Асар­хадондун мезгилинде киммерийлердин 2 тобу белгилүү: би­ринчи топ Ассириянын чыгыш тарабында (Ман­неде), экинчиси батыш тарабында (Кичи Азия­да) жайгашкан. 679-жылы Асархаддон Каппадокия­да киммерийлер падышасы Теушпуну талкалаган. Лигда­мис (акад тилинде Дугдамми) падышанын учу­рунда 675-жылы К. Фригияны, 644-жылы Лидияны ба­сып алышкан. 641-жылы Лигдамис өлгөндөн ки­йин бийлик анын уулу Сандакшатруга өткөн. 620-жылдары Анатолияда скифтердин падыша­сы Мадий, 7-кылымдын аягында Лидия падышасы Алиатт киммерийлерди талкалаган. Антикалык адабияттар­да киммерийлер жөнүндө алгач Гомердин «Одиссеясында» (XI,14) кездешет. Киммерийлерге таандык археологиялык эстеликтерге Түркиянын Норшун-Тепе, Имирлере, Богазкёй, Сард, Гордиона ж. б. шаарларынын аймагындагы ба­йыркы скиф дооруна тиешелүү табылгалар ки­рет. Буга жараша Чыгыш Европада да киммерийлердин археологиялык эстеликтери скиф эстеликтеринен айыр­маланбайт. Киммерийлер м-н скифтердин маданияттары бири-­бирине жакын болгондуктан, окумуштуулар киммерийлер тили иран тилдер тобуна кирет деп божомол­дошот.


Ад.: Алексеев А. Ю., Качалова Н. К., Тохтасьев С. Р. Киммерийцы: этнокультурная принадлежность. СПб., 1993; Иванчик А. И. Киммерийцы. Древневосточные цивилизации и степные кочевники в VIII–VII вв. до н. э. М., 1996; он же. Накануне колонизации. Северное Причерноморье и степные кочевники VIII–VII вв. до н. э. в античной литературной традиции: фольклор, литература и история. М.; Берлин, 2005.