КИММЕРИЙ БҮКТӨЛҮҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИММЕРИ́Й БҮКТӨЛҮҮСҮ – жер кыртышынын мезозой заманындагы бүктөлүү, тоо пайда бо­луу м-н жүргөн тектоникалык кыймылы. Магматизм процессинен гранитоид интрузиясы жаралып, чөкмө тектердин калың катмарлары бүктөлүү­гө учураган. Бүктөлүү 2 фазада жүргөн, 1-фаза триас мезгилинин акырында башталып, юра мез­гилинин башталышына чейин созулган (Крым, Таймыр, Түндүк Афганстан, Азиянын түштүк-чыгы­шы, Африканын түштүк тарабы). Бул кыймыл ба­йыркы киммерий бүктөлүүсү деп аталган. 2-фаза жаңы киммерий деп аталып, юра мезгилинин акырынан бор мез­гилинин башталышына чейин аракетке келген. Мында Верхоян-Чукот аймагы, Батыш Корди­льер, Анд, Памир, Кара-Корум, Борбордук Иран, Кавказ ж. б. тоолор бийик көтөрүлгөн.