КИМВРЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИМВРЛЕР – Ютландия жарым аралына алгач отурук­ташкан герман уруулары. Б. з. ч. 2-кылымдын аягын­да кимврлер тевтондор ж-а амброндор м-н бирге түш­түктөгү Галлияга чабуул баштап, б. з. ч. 113-жылы Нореяда жеңишке ээ болгон. Б. з. ч. 102-жылы Түндүк Италияны дээрлик басып алган, бирок б. з. ч. 101-жылы Лутаций Катул м-н Гай Марийдин ас­керлери Верцеллынын алдында кимврлерди талка­лаганда, кол башчысы Бойорикс өлгөн. Кимврлердин көбү кулдукка сатылган, калгандары түндүккө жер которгон.