КИМБЕРЛИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИМБЕРЛИ́Т (Түштүк Африкадагы Кимберли шаарынан табылган ж-а анын атынан аталган) – курамын­да алмаз кристаллдары бар ультранегиздүү маг­ма теги. Негизинен оливин (60%), кальцит (14%), флогопит (13%), пироп м-н диопсид (6%), апа­тит, перовскит минералдары (7%) кездешет. Өзгөрүлбөгөнү көгүш кара түстө, өтө нык, брек­чия сымал. Магмадан көтөрүлүп чыккан газ­дардын жарылуусунан келип чыгат. Боштуктар­ды, көңдөйлөрдү толтурат. Мындай боштуктар Кимберлит түтүгү деп аталат. Түтүк тегерек түспөлдө бо­луп, диаметри 25–800 мге жетет. Утур тереңде­ген сайын ичкерип отуруп дайкага айланат. Кимберлит жер кыртышынын терең бөлүгүндө пайда болуп, жегич-ультранегиздүү курамы м-н мүнөз­дөлөт. Тоо тектердин лампрофирлер тобуна ки­рет, башка тектердин петрохимиялык өзгөчөлүктөрү м-н айырмаланат. Курамында титан, алюминий, калий, фосфор, магний, натрий, темир көптүк кылат. Карбонатиттерге караганда стронций ж-а сейрек кездешүүчү элементтер жокко эсе.
Терминди биринчи жолу англиялык геолог К. Льюис 1887-жылы сунуш кылган. Ал бардык алмаз кез­дешүүчү жарылуу түтүгүндөгү тоо тектерди кимберлит деп атаган. Кимберлит – өтө нык, брекчия түрүндөгү тоо тек. Цементи күчтүү өзгөрүүлөргө дуушарланган. Негизги массасы эң майда порфирлүү, айнек сыяктуу, карбонат-серпентиндүү. Оливин, фло­гопит, кенташ минералдары, бир аз апатит, кли­нопироксен кездешет. Микролиттик түзүлүштөн турат. Акцессор түрүндө пироп, хромшпинелид, циркон, алмаз жолугат. Жарылуу түтүгүн пай­да кылуучу Кимберлитке брекчия, туф түрүндөгү тексту­ра, дайка, шток, силл, штокверктерди түзүүчү интрузиялык Кимберлитке массивдүү текстура мүнөздүү. Кимберлит порфирлүү структурага ээ. Кимберлит алмаз кени жолугуучу түзүлүш болуп саналат, ошондой эле гра­нат, оливин, циркон сыяктуу асыл таштар да кездешет. Бардык континенттик жер кырты­шында жолугат (к. Алмаз).


Ад.: Доусон Д. Кимберлиты и ксенолиты в них. М., 1983; Францессон Е. В., Лутц Б. Г. Кимберлитовый магматизм древних платформ. М., 1995.