КИДАЙШ-ПОКРОВСКАЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИДА́ЙШ-ПОКРО́ВСКАЯ Нинель Викторовна (1926, Россия, Орёл ш.) – түрк тилдүү элдердин фольклорун изилдөөчү. 1950-жылы Москвадагы М. В. Ломоносов атындагы ММУнун филология факультетин бүтүргөн. 1954–58-жылдарда Н. К. Крупская атындагы Бүткүл союздук эл чыгармачылык үйүндө Орто Азия республика­ларынын ж-а Казакстандын түрк тилдүү элде­ринин фольклорун изилдеп, адабият тармагында эм­гектенген. Эмгектери 1971-жылдан СССР ИАнын «Наука» басмасынан чыккан «СССР элдеринин эпостору» академиялык сериясынын томдорунда жарык көргөн. Кидайш-Покровская илимий котормодон тышкары та­рыхый-этнографиялык, лингвистикалык, фольклордук мүнөздөгү комментарийлердин автору. Ал «Манас» эпосу­нун 4 томун басып чыгарууга да катышкан.