КЕҢ-КОЛ МАРМАР КЕНИ
(КЕҢКОЛ МРАМОР КЕНИ барагынан багытталды)
КЕҢ-КОЛ МАРМАР́ КЕНИ Талас районунда, Талас шаарынан 15 км түндүк-чыгышта, Талас Ала-Тоосунун түндүк капталындагы Кең-Кол өрөөнүндө. 1968-жылы табылган. Кен аймагын рифейдеги метаморфизмделген тоо тектер түзөт. Мармар кени сланецтердин арасында жатат. Пайдалуу катмарлардын калыңдыгы 70–150 мден 330–410 мге чейин, узундугу 11,5 км. Өңү боз, күрөң, ак, саргыч боз, кызгылтым саргыч, жол-жол темгилдүү. Блоктуулугу 0,5 м3ге чейин. Жакшы сайкалданат. Запасы 3 млн м3. Кооз буюмдарды жасоого, дубалды кооздоп каптоого колдонсо болот.