КЕҢКОЛ БАЗАЛЬТ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕҢКОЛ БАЗА́ЛЬТ КЕНИ Талас районунда, Талас шаарынан 28 км, Кара-Жылга тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 2100 м бийикте. 1991-жылы геологиялык карта түзүү маалында табылган. Туурасы 150 мден 600 мге чейин, узундугу 2,6 км болгон линза сымал базальт теги палеогендин көк турпак свитасында жатат. Базальттан экинчи категориядагы минералдык була алууга болот. Болжолдуу ресурсу 21 млн м3.