КЕҢЕШ (Ысык-Ата районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕҢЕШ , О к т я б р ь – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Кочкорбаев айыл округуна караштуу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 736 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кант шаарынан 10 км. Кыштак 1927-жылы негизделген. Калкы 2950 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто ж-а негизги мектеп, 2 китепкана, маданият үйү бар. Ушул кыштакта туулган Социалисттик Эмгектин Баатыры Ы. Кочкорбаевге эстелик тургузулуп, музей уюштурулган.