КЕҢЕШ (Кара-Кулжа районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢЕШ – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Кеңеш айыл округуна караштуу. Кара- Дарыянын боюнда, деңиз деңгээлинен 1820 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 16 км батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 106 км. Калкы 2796 (2022); негизи­нен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепка­на, ФАП бар.