КЕҢ-СУУ РОДОНИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ-СУУ РОДОНИ́Т КЕНИ Ысык-Көл облусунун Түп районунда, Арал кыштагынан 35–40 км чыгыш тарапта, Көк-Тай тоосунун кырында, Кең-Суу ашуусунан 3 км түндүк-батышта. Кен аймагын силур м-н карбондо пайда болгон тоо тектер тү­зөт. Родонит тулкулары гранит-порфирдин ж-а кварцтуу сиенит-диориттин роговик же мрамор кабатчалары м-н кошулган жериндеги скарнда кездешет. Узундугу 3–5 м келип, өзүнчө бөлүнүп ту­рат. Родониттүү скарндар калыңдыгы 150–170 м, узундугу 550 м келген тилкени түзүп жатат. Родонит кызгылт, ачык кызыл түстүү, майда бүртүкчөлүү. Жакшы сайкалданат. Кооз буюмдарды жасоого болот.