КЕҢ-СУУ ВОЛЬФРАМ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ-СУУ ВОЛЬФРА́М КЕНИ Ысык-Көл облусунун Ак-Cуу районунда, Тескей Ала-Тоонун түштүк кап­талында, Кең-Суу суусунун баш жагында, де­ңиз деңгээлинен 3300–3750 м бийикте. 1985–90-жылдарда чал­гындалып, запасы бекитилген. Кен аймагы про­терозойдун аягындагы акиташ, чопо, чополуу сланец, кумдук, алевролит, конгломерат, граве­лит ж-а алгачкы карбондогу интрузия жиреген кумдук, гравелит, алевролит, акиташ, сланец, конгломерат тектеринен түзүлгөн. Интрузия м-н жанаша жаткан тектер роговикке, скарноитке, скарнга айланган. Кен вольфрамдуу эки зонага бөлүнөт. Зоналардын узундугу 100–350 м, жантаюусу боюнча 250–550 м; калыңдыгы 7 мден 150 мге че­йин. Зоналардын ичинде узундугу 40–250 м, жан­таюусу боюнча 60–460 м, калыңдыгы 1,25–19,75 м линза сымал кенташ тулкулары орун алган. Вольфрам үч оксидинин орточо өлчөмү – 0,41%. Кенташтын запасы С12 категориясы боюнча 5846 миң т, вольфрамдын үч оксидинин кору (запа­сы) С12 29,5 миң т.