КЕТ ТИЛИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕТ ТИЛИ , е н и с е й - о с т я к т и л и – кеттердин тили. Енисей семьясындагы тилдерден сакталып калган жалгыз тил. Кет-пумпокол топчосуна кирет. Россиянын Краснояр крайынын (Турухан жана Байкит райондору) түндүгүнө таралган. Имбат жана сым (же юг) деген эки негизги диалекти бар. Кет тилинин биринчи жазуусун 1934-жылы енисей тилдерин изилдөөчү Н. К. Каргер түзгөн.