КЕРМЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕРМЕ , ж а а – 1) көркөм кол өнөрчүлүктүн өрмөкчүлүк багытында колдонулуучу аспап. Ал – жаа түрүндөгү жыгач. Жыгачтын эки учу жоон кайыштар менен тартылып, ага жыгачтан жасалган сыдыргы кийгизилет. Керилген кайышка ичке тал-тал болуп тилинген көктү өрүшкөн; 2) эки боз үйдүн аралыгындагы кош мамынын ортосуна 1–1,5 м бийиктикте керилген аркан. Ага таң ашырылуучу күлүк, суутулуучу аттар байланган.