КЕРКИРА
КЕ́РКИРА – Грекиядагы шаар. Керкира номунун (административдик-аймактык бирдик) администрация борбору. Керкира (Корфу) аралында жайгашкан. Калкы 25,6 миң (2008). Иония деңизиндеги порт. Эл аралык аэропорту бар. Биздин заманга чейинки IV кылымда негизделген. XIX кылымдын неоклассикалык архитектура комплекстери менен айырмаланат. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү орто кылымдын курулуштары Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Шаар ландшафтынын эки доминантасына Эски (Пале-Фьорио) жана Жаңы (Нео-Фьорио) венециялык чептер кызмат кылат. Эски чепте (1550–1559; учурда музей) Ыйык Георгий чиркөөсү жана башкалар жайгашса, жаңысында туризм өнүгүп, Грекиянын Аскер-деңиз флоту жайгашкан. Керкиранын башкы аянтында Ыйык Михаил жана Георгий ак сарайлары (1819–1824), музыкалык павильон, монумент, чиркөөлөр, Агиа-Керкира базиликасынын урандылары жаана башкалар бар.

Шаардын экономикасынын негизин турист бизнеси түзөт. Тамак-аш (сүт, эт, май, сыр; кинкандан ликёр даярдалат), текстиль өнөр жай ишканалары жана самын кайнатуучу завод иштейт. Деңизден балык кармалат. Иония университети (1824, Иония академиясы; 1985-жылдан азыркыдай аталат), музейлер (анын ичинде археология, карапа, банкнот жана башкалар), искусство галереясы, театрлар бар. Фестивалдар жана жыл сайын карнавалдар (XVII кылымдан) өткөрүлүп турат. Аквапарк курулган. Шаардан түштүктө Артемида дорий (биздин заманга чейинки VI кылымдын башы) жана Гера храмдарынын урандылары (биздин заманга чейинки IV кылым) жана башкалар сакталган. Керкирадан батышта маанилүү курорт борбору Палеокастрица жайгашкан.