КЕРКИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРКИ – жыгаччылыкта жана үй-тиричилигин­де урунулуучу болот аспап. Жыгач (комуз, ээр жана башкаларды) чабуу, кертүү үчүн колдонулуп, чот сы­мал жасалат. Анын аталгы керки, чот керки, байтеше жана аштама керки деген түрү бар. Сабы көбүнчө че­тин, кайың, арча, ыргай, талдан жасалат.