КЕРГИЧ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕРГИЧ – көркөм кол өнөрчүлүктө колдонулуучу аспап. Ал саймачылыкта пайдаланылат. Кергич жумуру жыгачтан төрт чарчы же тегерек кылып жасалган алкак. Анын бетине сайма сайылчу кездеме керилет. Чоң кергич бир гана жыгачтан туруп, кездеменин четтери ага чырашталып бекитилет. Сайма сайылуучу кездеменин керилген бөлүгүнө көчөт түшүргөндөн кийин, четиндеги чырашты сөгүп, жылыштырып, кайра жөрмөп бекитип турат.