КЕРБАБАЕВ
КЕРБАБАЕВ Берди Мурадович [3(15). 3. 1894, Түркмөн ССРи, Тежен району, Коуки-Зерен айылы – 23. 7. 1974, Ашхабад] –

түркмөн жазуучусу, Түркмөн ССР ИАнын академиги (1951), Түркмөнстан эл жазуучусу (1967), СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1948, 1951). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). Ленинград университетинин Чыгыш таануу факультетин бүткөн (1928). Чыгармачылыгы 20-кылымдын 20- жылдары башталган. Алгачкы чыгармалары – «Кыз дүйнөсү» (1927), «Адат курманы» (1928) поэмалары. «Чечүүчү кадам» аттуу революциялык-тарыхый романы (СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1948), «Курбан Дурды» (1942) повести, «Айлар» поэмасы, «Бир туугандар» ж-а «Махтумкули» (1943) пьесалары ж. б. чыгармалары бар. «Ак алтын өлкөсүнүн Айсолтаны» повестинин, нефтичилер турмушун сүрөттөгөн «Небит-Даг» (1957) ж-а түркмөн элинин көрүнүктүү революционери ж-а коомдук ишмери К. Атабаев жөнүндөгү «Кереметтүү төрөлгөн» (1965) романдарынын автору. А. С. Пушкин, Л. Н. Толстой, М. Горький ж. б. жазуучулардын чыгармаларын түркмөн тилине которгон. 3 Ленин ордени м-н сыйланган.