КЕРАТОФИР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕРАТОФИ́Р (гр. ktras – мүйүз ж-а порфир) – магма тоо теги. Сиенит-трахит тобуна кирет. Сиениттин эффузивдүү палеотиби. Порфирлүү түзүлүштөн турат. Порфирлүү бөлүкчөлөрүнө альбит, биотит, кээде диопсид кирет. Негизинен альбиттин өтө майда микролиттери кездешет. Курамына жараша кварцтуу, ортоклаздуу, кварцсыз кератофир болуп бөлүнөт. Кыргызстанда спилитдиабаз формациясын түзүп, Түндүк Теңир-Тоодо (протерозой заманынын акыры м-н кембрийдин башталышы), Түштүк Теңир-Тоодо (силур м-н девондун башында) жолугат. Кератофир жанартоо чөкмөлөрүндө кеңири тараган.