КЕПТӨӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕПТӨӨР , д и ф т е р и я – көмөкөй ж-а коко­нун былжыр челин сезгендирип, түрдүү орган­дарды жабыркатуучу катуу кармаган жугуштуу оору. Тамакта катуу өңөр пайда болуп, орга­низмдин жалпы уулануусу байкалат. 4–6 жаш­тагы балдар ооруйт. Аны кептөөр таякчасы козгойт. Козгогуч суукка, кургакчылыкка байымдуу. Оорулуу же бактерия алып жүрүүчү жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө шилекей м-н абага ча­чырап, соо адамга жугат. Кээде тамак-аш, түрдүү буюмдар аркылуу да жугушу мүмкүн. Козгогуч былжыр челге түшкөндө, токсин (уу зат) бөлүп чыгарып, ал эпителийдин некрозун пайда кы­лат да, кан тамырларды жабыркатат ж-а фиб­рин торчосун түзүп, өңөр пайда болот. Токсин канга өтүп, организм жалпы ууланат. Мында көбүнчө нерв ж-а жүрөк-кан тамыр системасы, бөйрөк жабыркайт. Жашыруун мезгили 2–10 күн. Оору козгогучу алкым бездерин, көз, му­рун, кекиртектин, чанда кыздын жыныс мүчөсүнүн былжыр челин, ымыркайдын киндигин жабыркатат. Алкым кептөөрүндө эт ысып, тамак шилекей, тамак-аш жуткурбай ооруйт. Тамак­тагы бездер, жумшак таңдай, таңдайдын кичи­не тилчеси, коко боз, жука өңөр м-н капталат, шишийт. 5–6-күнү дененин жалпы уулануусу башталат. Жүрөктүн кагуусу начарлайт, боор чоңоюп, нерв системасынын иши бузулат, температу­ра 39°–40°Сге чейин жетет. Оорулуунун жалпы абалы начарлап, тамыр жай согот, өңү бозорот. Жаак алдындагы лимфа түйүндөрү шишип, ичи өтөт. Мурун кептөөрүндө мурун бүтүп, суу агат. Оору­луунун абалы көп өзгөрбөйт. Кекиртек кептү көп учурда жаш балдарда кезигет. Кептөөр таякчасынын уусу көпчүлүк органдарга (өпкө, бөйрөк, жүрөк ж-а нервге) таасир этип, оор кабылдоого дуу­шар кылат. Дарылоодо кан сары суусу куюлат. Алдын алууда негизинен кептөөргө каршы бардык дени соо балдар (5–6 айлыктан 12 жашка че­йин) эмделет. Ооруну эрте аныктап, ооруканага жаткырып, үйгө дезинфекция жасоо да оору­нун таралышын алдын алат.