КЕПТАШ МОЛИБДЕН КЕНЧЕСИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕПТАШ МОЛИБДЕ́Н КЕНЧЕСИ Талас облусунун Бакай-Ата районунда, Кепташ суусунун баш жагында, деңиз деңгээлинен 2450 м бийикте. 1934-жылдан бери белгилүү. 1982–87-жылдарда изилденип бааланган. Кенче интрузиянын үстүндөгү рифейдеги акиташ, алевролит, кумдук катмарларындагы жаракаларга жакын жайгашкан. Вольфраммолибдендүү кенче кварц-мусковит-флюорит грейзендери м-н гранат-амфибол-пироксен скарндарына топтолгон. Кенташтуу участкалардын узундугу 10–200 м, калыңдыгы 0,1 мден 15–20 мге жетет. Негизги минералдары: шеелит, молибденит, пирит. Молибдендин орточо өлчөмү 0,17%. Кенташтын болжолдуу ресурсу 5405,6 миң т, молибдендики 9189 т.