КЕПСЕН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕПСЕН – дыйканчылык жерлеринде түшүм жыйноо (кызылдоо) учурунда кырманга келген айрым кишилерге кырманчылар тарабынан берилген эгин. Эгин басылып, кызылы сапырылып, чечкор өткөрүлүп, капка салардан же ороого куярдан мурда темин басууга, эгин сапырууга жардамдашкан же ошол учурда «Кырман толсун!» деген алкоосун айтып, кырманга келген аксакалдарга, балдарга, ошондой эле жетим-жесирлерге кырман ээси бир күрөк, бир табак, бир калбыр же бир чака кызыл салып берген. Айрым учурда кырман ээси чечкор (темин көжө) жасап, айыл аксакалдарын, аттуу-баштуу кишилерди чакырган. Тамак ичилип, бата берилгенден кийин аларга кызылдын көлөмүнө жараша кепсен берген.