КЕНТАШ ЭМЕС КЕНДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНТАШ ЭМЕС КЕНДЕР – курулуш ишинде, өнөр жайдын кээ бир тармактарында кеңири пайда­ланылуучу кендер. Табигый түрдө же механикалык, тер­миялык, химиялык жол м-н кайрадан иштелип чык­кан материалдар (минералдар, тоо тектери). Буга химиялык сырьёлор (жер семирткичтер, туздар, күкүрт ж. б.), металлургиялык сырьёлор (чопо, доло­мит, магнезит, башкача айтканда отко чыдамдуу минерал­дар, акташ, флюорит, кварцит), курулуш мате­риалдары (курулушта кеңири колдонулуучу тоо тектер: гранит, мрамор, туф, кумдук ж. б.), ка­рапа, айнек, калып жасоочу материалдар, ми­нералдык боёктор, бириктирип камдаштыруу­чу заттар, жылуулук м-н үндү өткөрбөөчү тек­тер, асыл таштар ж. б. кирет.