КЕНТАШ ФОРМАЦИЯЛАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕНТАШ ФОРМАЦИЯЛАРЫ – тектоникалык ири түзүлүштөгү (антиклинорий, синклинорий, антеклиза, ортоңку массив, калкан, терең жаракалар), бирдей генезистеги, бир же бир нече кенташтан турган зор аймак. Бир нечеси биригип, кенташтуу провинцияны түзөт. Бүктөлүү аймагындагы тектоникалык терең жаракалар м-н тыгыз байланышта болуп, узатасынан созулуп жатат. Узундугу ондогон, миңдеген кмге, туурасы бир нече кмден жүздөгөн кмге жетет. Катмар түрүндө бүтүндөй бир аймакты ээлеп жатса кенташ бассейни деп аталат. Пайда болуу мезгилине, геологиялык түзүлүшүнө, тектоникалык процесстерге жараша кенташтуу райондорго, талааларга, зоналарга бөлүнөт.