КЕНДО
КЕНДО́ – кылыч м-н машыгуу боюнча япон таймаш өнөрү. Ал байыртадан эле, Токугава династиясынын мезгилинде (1603–1867) япон аскерлеринин даярдыгынын негизи болгон. Ошол учурда бүгүнкү күндөгү машыгуунун негизги түрлөрү (бамбук кылыч «синай» м-н жыгач «боккен»), ошондой эле коргонуу жабдыктары пайда болгон. Мейдзинин (1868–1912) доорунда Японияда коомдон касталык бөлүнүү жоюлуп, кылыч алып жүрүүгө ж-а кендо м-н машыгууга тыюу салынган. 1895-жылы жалпы япон таймаш күрөштөрүнүн федерациясы, 1952-жылы кендонун япон федерациясы түзүлүп, бул спорт түрү кайрадан жандана баштаган. Спорттук таймашта кылыч ышкыбозу серпилгич бамбуктан жасалган кылыч (таякты) кармап, башын, төшүн ж-а колун коргоочу атайын жабдыктарды колдонот. Каршылашынын денесине таамай тийгизген ыкмаларды аткаргандыгы үчүн упай топтойт. Учурда кендо белгилүү спорт түрү гана болбостон, япон мектептеринде дене тарбия сабагынын өзөгүн түзөт.
Б. Үсөнканов.