КЕМИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМИН (мурда Б ө р ү б а й, К о ё н д у, Б ы с ­т р о в к а аталган; 1992-жылдан Кемин) – Чүй облусунун Кемин районундагы шаарча, райондун ж-а Кемин шаарча кеңешинин борбору. Чүй дарыясынын сол өйүзүндө, Чалдыбар – Бишкек – Ба­лыкчы автомобиль ж-а темир жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1120 м бийикте жайгашкан. Облустун бор­бору Токмок шаарынан 35 км чыгыш тарапта. Кыш­так катары 1912-жылы пайда болгон. 1954-жылдан

Шаарчанын борбордук бөлүгү.

шаарча. Калкы 8,6 миң (2022). Темир жол бекети. Шаарчада «КЭТЗ», «Линолеум», «Кемин-Нан» АКлары, «Нефть ж-а газ» биргелешкен ишка­насы, ошондой эле айыл чарба азыктарын белендөөчү, эл керектөөчү буюмдарды чыгаруучу чакан өнөр жай ишканалары иштейт. Кесиптик-техникалык окуу жайы, 3 орто ж-а музыкалык мектеп, бала бакча, бейтапка­на, оорукана, 6 дарыкана, 3 мончо, 2 китепка­на, 2 маданият үйү, кинотеатр, мейманкана ж. б. бар. Ошондой эле үй-бүлөлүк врачтар тобу, санитардык-эпи­демиологиялык станция, соода түйүндөрү, турмуш-ти­ричилик кызматынын бөлүмдөрү, кафе, ресто­ран, базар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго ж-а Шабдан баатырга эстелик тургузулган.