КЕМЕ КУРУУ
КЕМЕ КУРУУ – оор өнөр жайдын бардык типтеги кемелерди куруучу ж-а оңдоочу тармагы. Кеме куруу алгач байыркы египеттиктерге таандык. Анда кеменин сыртын, башкача айтканда жээгин тактай м-н жыгач тыгын аркылуу кынап бекитишкен. Мындай конструкция болжол м-н 6-кылымга чейин колдонулуп келген. 10-кылымда кеме куруу алгач тулкусун (каркасын) тургузуу м-н ага тактайды кынап бекитип, сырткы бетин жасоо ыкмасы тараган. Бул ыкма бара-бара чоң кемелерди курууга алып келген. 16-кылымда атайын кеме куруу архитектурасы пайда болгон. Темир тулкуга өтүү ж-а буу машинасынын

ойлоп табылышы кеме курууда олуттуу өзгөрүүлөргө алып келди. Чоң кемелердин пайда болушу м-н кеме куруунун конструкциясы татаалданып, электр м-н ширетүү анын жумушун өтө тездетти. 19-кылымдын аягынан тарта кеме куруу өнөр жайында бир катар жаңы техникалар колдонулуп, технологиялык жаңы ыкмаларды киргизүү м-н негизги иштер механикалаштырылган ж-а автоматташтырылган.