КЕМЕ
КЕМЕ – 1) сууда, суу астында сүзө ала турган ж-а жүк, жүргүнчү ташууга, түрдүү жумуштарды (атайын техникалык, илимий, балык уулоо, ошондой эле аскер иштерин) аткарууга арналган транспорт. 16–17-кылымдарда түз парустуу ж-а үч же төрт мачталуу кайыктарды «кеме» деп аташкан. Алгачкы суу транспорту катары болжол м-н 60 миң жыл мурда байыркы австралиялыктар каноэ ж-а плот деп аталган түрүн колдонушкан. 19-кылымдын ортосуна чейин негизинен калактуу ж-а парустуу кемелер кеңири колдонулуп келген ж-а алар пароход м-н моторлуу (дизелдик) кемелерге алмаштырылган. Сүзүү мүнөзү боюнча өзү жүрүүчү (теплоход, па-


роход, электроход, атомоход) ж-а өзү жүрбөөчү (чиркелүүчү, парустуу, калактуу), сууга салыштырмалуу абалы боюнча суу үстүндөгү ж-а суу астындагы кеме, ошондой эле жарандык ж-а аскердик болуп бөлүнөт. Жарандык кемелер транспорт, кесиптик, атайын кызмат аткаруучу, техникалык максатка арналган ж-а спорттук (катер, яхта, байдарка ж. б.) болуп айырмаланат. Транспорт кемелери жүргүнчүлөрдү ж-а ар кандай жүктөрдү ташыйт. Кесипчилик кеме балык ж-а кит уулоочу болуп бөлүнөт. Атайын кызмат аткаруучу Кемелерге муз жаргыч, сүйрөгүч, куткаргыч, өрт өчүргүч, сүзүп жүрүүчү кран кирет. Техникалык максаттагы кемелер суу жолун тереңдетүү, курулуш материалдарын (кум, шагыл) даярдоо жумуштарын аткарат. Эң чоң кемелер – танкерлер (узундугу 350 мден ашуун, жүк көтөрүмдүүлүгү 500 миң тдан оор, 1981); 2) чоң самолёт, дирижабль (аба кемелери), космоско учуучу түрдүү конструкциядагы аппарат (к. Космос кемеси).