КЕМБРИЙГЕ ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМБРИЙГЕ ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛ – жер кыр­тышынын геологиялык өсүп-өнүгүү тарыхындагы эң ал­гачкы мезгил; кембрий мезгилине чейин пайда болгон байыркы тектердин катмарлары. Азыр­кы күндөн 570–3500 млн жыл мурдагы геологиялык өсүп-өнүгүүлөрдү кучагына алып, узактыгы 2,9 млрд жылдан ашат. Эң байыркы тектердин пайда болуу жашы 3,5 млрд жылга жетет. Бул мезгил өз ичинен архей ж-а протерозой заман­дарынан турат. Алардын чек арасы 2,5–2,7 млрд жыл илгери болуп өткөн ири бүктөлүү циклде­ри ж-а граниттешүү процесстери м-н аныкталат. Кембрийге чейинки мезгилдин эл аралык стратигрологиялык ж-а геохронологиялык бирдиктүү шкаласы азырынча кабыл алына элек. Архей заманында пайда болгон тектер ба­йыркы платформалардын астыңкы бөлүгүн (фундаментин) түзөт. Алар өтө метаморфизмдел­ген тектерден (гнейс, амфиболит, мегматит, кристаллдуу сланец, кээде жеспилит, кварцит, мрамор ж. б.) турат. Андан кийин пайда бол­гон тектер байыркы платформалардын жабуу­су болуп эсептелет. Мында өтө метаморфизм­делбеген кристаллдуу сланецтер, кварцтуу кум­дук, кварцит, чополуу сланец, филлит ж-а ар кандай жанартоо тектери орун алган. Тектер­дин арасында органикалык калдыктар жокко эсе. Ске­леттүү организм жолукпайт. Строматолиттер (көгүш жашыл балырлар), онколиттер (бакте­риялар), акретархтар, сабелидиттер, байыркы курттар (аннелиттер), медуза сыяктуулар кез­дешет. Темир, алюминий, марганец, алтын, мра­мор, жез, никель, кобальт, коргошун, сейрек учуроочу металлдар ж. б. топтолгон. Тоо текте­ри бардык материктерде: Чыгыш Европа, Си­бирь, Кытай-Корей, Түштүк Кытай, Индстан, Түндүк Америка, Түштүк Америка, Африка, Австралия, Антарктида, Кыргызстанда (Түндүк ж-а Ортоңку Теңир-Тоодо) жолугат.

Ад.: Салоп Л. И. Общая стратиграфическая шкала докембрия. М., 1973; Семихагов М. А. Стратиграфия и геохронология протерозоя. М., 1974; Хаин В. Е., Божко Н. А. Историческая геотектоника: Докембрий. М., 1988; Хаин В. Е. Тектоника континентов и океанов (год 2000), М., 2001; Жамойда А. П. Современные проблемы международной (общей) стратиграфической шкалы//Литосфера. 2005. ¹ 1 (22).