КЕМБРИЖ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́МБРИЖ , К е й м б р и ж – Америка Кошмо Штаттарынын түндүк-чыгышындагы шаар. Массачусетс штатында, Бостондун шаар айланасы. Калкы 124,7 миң (2019). Чоң Бостондун курамына кирет. Америка Кошмо Штаттарынын ири илимий-изилдөө жана окуу борбору. Кембрижде Гарвард унверситетинин кампусунун бир топ бөлүгү, Массачусетс технологиялык институтунун архитектура комплек­си, искусство жана билим академиясы (1780), Лон­ги музыка мектеби (1915; консерватория), музей­лер бар. Машина куруу, резина, полиграфия өнөр жай иш­каналары иштейт. Жогорку технологиядагы продукция чыгаруучу компаниялардын штаб­-квартиралары жайгашкан. Фотоаппараттар («Polaroid», 2008-жылдан санариптик аппарат­тарга өткөрүлгөн) чыгарылат. Шаар 1630-жылы негизделген.

Шаардын жалпы көрүнүшү.

Куперлердин жыгач үйү (1681–1682), Христ чиркөөсү (1759–1761), Э. Оливердин үйү (1767), Булфинч аянтында калк китепканасы, башка курулуштар сакталган.