КЕЛЬТ ТИЛДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛЬТ ТИЛДЕРИ – инди-европа семьясындагы тилдер. Ага галл, келтибер, ирланд, мэн, гаэл (шотланд), валлий (кимр), корн жана бретон тил­дери кирет. Галл тилдери биздин замандын 5-кылымдарына жакын, келтибер тили (Пиреней жарым аралынын батыш жана борбордук бөлүгү) андан мурунураак жоюлган. Корн тилинде сүйлөгөндөр 18-кылымдын аягына чейин жашаган. Мэн тилинде Мэн аралында (Улуу Брита­ния) жашаган бир аз гана адам сүйлөйт. Кельт тилдери континент (галл, кельтибер), бритт (валий, корн, бретон) жана гойдел (ирланд, гаэл, мэн) бу­тагы деп үч топко бөлүнөт. Бритт бутагындагы тилдердин бөлүнүшү 6–8-кылымдара, гойдел бутагы 12–13-кылымга таандык. Акценттик факторлордун таасиринде азыркы кельт тилинде акыркы муундар жою­ла баштаган. Ирланд тилинде аз болсо да жөндөмө сакталып калган.


Ад.: Королёв А. А. Введение в кельтскую филологию. 2-е изд. М., 2006.