КЕЛЬВИН (К)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́ЛЬВИН (К) – Эл аралык бирдиктер систе­масындагы термодинамикалык температуранын бирдиги. Кельвин суу­нун үчтүк чекитинин термодинамикалык температурасынын 1/273,16 бөлүгүнө барабар. У. Томсондун (лорд Кельвин) ысмынан аталган. 1968-жылга чейин кельвин градусу (0К) деп аталган. Шкалаларынын өлчөмү боюнча 1К=10С.