КЕКЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕКЕК (Oxytropis) – өсүмдүктөрдүн чанактуу­лар тукумунун уруусу. Көп жылдык, сабагы анча өөрчүбөгөн, татаал жалбырактуу, түктүү чөп. Гүлдөрү түркүн түстүү, нык же көпшөк, тоголок же сүйрү. Гүлүнүн кайыкчасы учтуу, чанагы сүйрү, тоголок, жаргактай же теридей, бир же эки, кээде жарым-жартылай уялуу. Кыргызстанда кекектин 56 түрү бийик тоодо, аска зоо коңулда­рында өсөт. Кээде башка өсүмдүктөр өсө алба­ган мөңгүгө жакын жерде кекектин айрым түрү кезигет, ошондой эле тоонун күнөс беттеринде, шагыл таш арасынан да учуратууга болот. Республикада кекектин 34 эндемик түрү белгилүү.