КЕЗДЕШҮҮЧҮ КАЗМАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЗДЕШҮҮЧҮ КАЗМАЛАР – бир мезгилде эки тараптан бири-бирин көздөй жүргүзүлгөн жер асты боюнча казмалардын бир чекиттен кездешүү ыкмасы. Тереңдеги кен байлыктарды казып алууда ишти тездетүү үчүн колдонулат. Шахта­да жаңы түздүктөр бөлүнөт. Участкалар даяр­далат. Маркшейдерлер эки тараптын багытын аныктап, ката кетирбей текшерип турат. Айыр­мачылык бир нече смден ашпоо керек.