КЕГЕТИ ШАРКЫРАТМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕГЕТИ ШАРКЫРАТМАСЫ Кыргыз Ала-Тоо­сунун түндүк капталында. Чүй районунун аймагын­да. Кегети суусунун сол куймасынын капчыгайы негизги өрөөнгө кошулган жердеги акиташтуу тик кашат аркылуу түшөт. Бийиктиги 18–20 м. Өрөөн аркылуу өткөн кара жолго жакын бол­гондуктан, туристтердин эс алуусуна ыңгайлуу.