КВАНТТЫК ХИМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАНТТЫК ХИ́МИЯ – химиялык реакцияларда би­рикмелердин түзүлүшүн, касиетин, алардын бири-бири м-н болгон аракетин ж-а айлануусун кванттык механиканын көз карашынын ж-а анын ыкмаларынын негизинде кароочу химия­нын теориялык бөлүгү. Ал химиялык байланыштардын та­бияты, валенттүүлүк, молекулалардын электрон­дук түзүлүшү жөнүндөгү окууну камтуу м-н, моле­кулалардын спектрскопиялык, электрдик, маг­ниттик касиеттери, алардын өз ара аракеттенүү күчүн, реакцияга кирүү жөндөмдүүлүгүн квант­тык механиканын ыкмаларынын негизинде тү­шүндүрөт. Кванттык механикада атом-молекулалык сис­теманын касиетин Шрёдингер теңдемеси, Пау­ли принциби ж-а универсалдуу физикалык туруктуу­луктардын негизинде эсептөөгө болот. Бул тең­деме көп электрондуу системалар үчүн так чык­пайт. Мындай системалар үчүн жакындашты­рылган ыкмалар – валенттик байланыш ж-а молекулалык орбитал ыкмалары пайдаланылат. Объектинин татаалдыгына, изилдөөнүн макса­тына жараша эмпириялык эмес же андан да жөнөкөй жарым эмпириялык эсептөө ыкмала­ры колдонулат. Эмпириялык эмес ыкмалар ар­кылуу системадагы ядролордун ж-а электрон­дордун саны, ошондой эле ядролордун заряддары ж-а фундаменталдык турактуулардын маанилери берилет. Жарым эмпириялык ыкмаларда, ко­шумча түрүндө, эсептөөгө кирүүчү айрым чоң­дуктардын маанилери тажрыйбадан алынат. Молекуланын электрондук түзүлүшүнүн анали­зи, химиялык байланыштын ар кандай түрлөрүн, классикалык химиялык түзүлүш теориясынын ж-а химиялык кинетиканын көпчүлүк түшүнүктөрүн тал­куулоого мүмкүндүк берди. Кванттык химиянын негизинде молекуланын электрондук спектрлеринин жуту­лушу ж-а люминесценциянын теориялары, фо­тоэлектрондук ж-а рентгенэлектрондук спектр­лер теориялары иштелип чыккан. Молекулалар­дын электрдик ж-а магниттик касиеттеринин кванттык теориясы химияга изилдөөнүн физикалык методдорун жайылтууга көмөк берди ж-а таж­рыйбалык натыйжаларды талкуулоону бир кыйла жеңилдетти. Кванттык химиянын ыкмалары молекулалык биологияда, биологиялык мембраналардын моделдерин эсептөөдө, булчуңдардын иштешин моделдөөдө ж. б. колдонулат.

Ад.: Степанов Н. Ф. Квантовая механика и кван­товая химия. М., 2001; Майор И. Избранные главы квантовой химии. Доказательства теорем и вывод формул. М., 2006.