КВАНТТЫК ТЕОРИЯ
КВАНТТЫК ТЕОРИЯ – илимде микродүйнө объектилеринин түзүлүшүн, кыймылын ж-а өз ара аракеттешүүсүн окутуп-үйрөтүүчү физикалык теория. Ал кванттык механика, кванттык статистика ж-а кванттык электрдинамика бөлүмдөрүн камтыйт. Электрондордун ж-а жарык кванттарынын касиеттеринин дал келишин изилдөө кванттык теорияны түзүүгө алып келген. Кванттык теориянын өнүгүүсүнүн алгачкы этаптары: А. Эйнштейндин фотоэлектр эффектисин түшүндүрүүсү, фотондордун таралуусу б-ча А. Комптондун нурлануунун кванттык мүнөзүн ачып көрсөтүүсү. Ал эми Н. Бордун теориясы, Ж. Франк м-н Г. Герцтин тажрыйбалары атомдун нурлануусунун кванттык мүнөздөмөсүн далилдеген. Теориянын өнүгүшүнүн кийинки этабы микробөлүкчөлөрдүн толкундук касиетин байкоо м-н иш жүзүнө ашат. 1924-жылы франциялык физик Луи де Бройль бөлүкчөлөрдүн корпускулалык абалынан тышкары дагы толкундук касиети тууралуу айткан. Дүйнөлүк окумуштуулар М. Лауэ, У. Томсон, К. Девиссон ж-а Л. Жермердин тажрыйбалары бөлүкчөлөрдүн толкундук касиетин далилдөөчү дифракция кубулушуна арналган. Кванттык теорияда материянын туруктуулугу ж-а өзгөрмөлүүлүгү, дискреттүүлүгү ж-а үзгүлтүксүздүгү анын негизги касиеттери болуп эсептелет. Кванттык теорияда микробөлүкчөлөрдүн кыймылы координаталардын ж-а убакыттын бир катар функциялары [\1(x, y, z, t] аркылуу жазылат (к. Толкун функциясы). Эркин микробөлүкчөлөрдүн негизги мүнөздөөчүлөрү энергия (Е) ж-а импульс (р). Кванттык теорияда закондордун негизги айырмачылыктары – символдордун сандар м-н эмес, абстракттуу математикалык түшүнүктөр – операторлор м-н белгилениши. Классикалык теориядан айырмаланган жаңы түшүнүктөр, башкача айтканда материянын корпускулалык (дискреттүү) ж-а толкундук (үзгүлтүксүз) касиеттери келип чыгат. Бул атомдук процесстерди жазуудагы жаңы ыкма болуп эсептелет.
Ад.: Шаршекеев О. Ш. Квант теориясы. Б., 2001.