КВАНТТЫК ОПТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАНТТЫК О́ПТИКАстатистикалык опти­канын бөлүмү; ал жарык талаасынын мик­ротүзүлүшүн ж-а жарыктын кванттык табияты көрүнгөн оптикалык кубулуштарды изилдейт. Нурлануунун кванттык түзүлүшү жөнүндөгү көз карашты 1900-жылы немис физиги М. Планк кир­гизген. Кванттык оптика жарыктын турактуу касиетин ж-а жарык нерселер аркылуу таралган учурда алар м-н болгон аракетин, жарык талаасынын аба­лын изилдейт. 1960-жылдары түрдүү физикалык объек­тилерде лазерлер пайда болгон. Лазерге чейин­ки жарык булактары чуулуу генераторго окшош болгондуктан, жарыктын турактуу касиетин изилдөөгө мүмкүн эмес эле. Ал эми заттар же нерселер аркылуу таралганда, алардын бөлүк­чөлөрү кошумча фотондорду пайда кылат, фо­тондор жарык талаасынын физикалык чоңдугун өз­гөртөт, жарык ошондой эле кабылдагыч эсептегичтер үзгүлтүктүү түрдө ж-а кокусунан кабылдагыч процесстерге ээ. Кванттык оптиканын негизги маселелерин аныктоо үчүн талаанын кванттык теориясы колдонулат.

Ад.: Скалли М. О., Зубайри М. С. Квантовая оптика. М., 2003.