КВАЛИФИКАЦИЯ (адистикке даярдоо)
КВАЛИФИКА́ЦИЯ (лат. qualis – сапаты кандай ж-а ...фикация) – билимдердин жалпылыгы ж-а кызматкерлерди эмгектин конкреттүү түрүн аткарууга адистикке даярдоо. Анын элементтери төмөнкүлөр: 1) кызматкердин теориялык билими; 2) ишке каныгуу ж-а топтолгон тажрыйба; 3) адистик чеберчилик. Иш ж-а иш тапшырмалары көп учурда квалификация деңгээлине ылайык аларды аткарууну талап кылган квалификацияланган– жарым квалификацияланган ж-а квалификацияланбаган болуп бөлүнөт. Адистик даярдыкка инвестициялар квалификациянын өсүшүндө чечүүчү роль ойнойт. Ишкананын кызматкерлеринин квалификациясынын жалпы деңгээли эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун негизги фактору болуп саналат. Квалификация адам капиталы катары экономикалык өнүгүүнүн жогорку темпин камсыз кылууга өбөлгө болот.