КВАЗИЯДРОЛОР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КВАЗИЯДРОЛОР , к в а з и я д р о с и с т е м а л а р ы – бариондордон масса кемтиги м-н айырмаланган барион-антибарион түгөйлөрүнүн байланышкан ж-а резонанс абалы. Квазиядролордун арасындагы байланыш ядролук күчтөр м-н түшүндүрүлөт. Квазиядролордун орточо жашоо убактысы ~10–20 сек. Квазиядролордун бар экендиги алдын ала эле айтылган: мисалы, нуклон-антинуклон, гиперон-антигиперон. Нуклон-антинуклондун бар экендиги эксперимент жолу м-н далилденген.