КАЧЫР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЧЫР (лат. mulus) – жылкы (бээ) м-н эшекти аргындаштыруудан алынган үй жаныбары. Чоңдугу, ийкемдүүлүгү жылкыга, чыдамдуулугу, иштемчилдиги эшекке окшош. Качыр көп жыл жашайт, пароплазма ж-а инфекция анемиясына дээрлик чалдыкпайт. Тоютту колдон талап кылбайт. Качыр тукум бербейт. Өңү негизинен өзүн тууган бээникине окшош. Күч унаа катары пайдаланылат. Иштемчилдигине жараша жүкчүл ж-а чегилме качырга бөлүнөт. Ыйык жалынан бийиктиги: жүкчүл качырдыкы 110–140 см, чегилме качырдыкы 160 см. Жүкчүл качырдын салмагы 300–400 кг. Качыр Борбордук Азияда, Закавказьеде, ошондой эле. Азия, Африка өлкөлөрүндө, Европанын түштүгүндө ж. б. асыралат.