КАЦЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ЦЕВ Александр Самуилович (24. 03. 1946- жылы туулган, Фрунзе) – адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1992). КМУнун филология факультетин (1969), ошол эле жерден аспирантураны (1976) бүтүргөн. 1969–73-жылдарда Пржевальск педагогика институтун­да окутуучу, 1973–76-жылдарда М. В. Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогика институтунда ка­федра башчысы, доцент, профессор (1978), 1997- жылдан КРСУнун журналистика кафедрасын­да окутуучу, Еврей маданиятын окутуу борборунун директору. 260тан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 7 методикалык колдонмонун, 3 сөздүктүн, адабият боюнча 3 программанын автору.

Эмг.: Человек и природа. Охрана окружающей среды и ее отражение в литературе. Ф., 1984; Реаль­ный факт, прототип, образ в советской литературе 20-х годов. Ф., 1986; Возвращенные имена: Из ис­тории современной русской литературы. Б., 2002.