КАУСТОБИОЛИТТЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАУСТОБИОЛИТТЕР (гр. kaustos – күйүүчү, bios – тиричилик, lithos – таш) – органикалык жол м-н пайда болгон күйүүчү кен байлык. Өсүмдүктөр м-н жаныбарлардын калдыктарынан ж-а алардын геологиялык-химиялык факторлордун натыйжасында өзгөрүп кетишинен келип чыгат. Алар көмүр (чым-көң, күрөң ж-а таш көмүр, күйүүчү сланецтер) ж-а нефть (асфальт, озокерит, күйүүчү газ) болуп эки топко бөлүнөт. Көмүр тобуна кирүүчүлөр алгачкы затына ж-а пайда болуу шартына жараша сапропелит, гумит ж-а липтобиолиттерден турат, к. Көмүр кендери.