КАУНАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́УНАС (1917-жылга чейин К о в н о) – Литвадагы шаар. Каунас уездинин административдик борбору. Нямунас (Неман) дарыясындагы порт. Калкы 355,5 миң (2008); калкынын саны боюнча өлкөдөгү Вильнюстан ки­йинки 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Тогуз жолдун тоому. Алгач 1030-жылдан эскерилет. 1795-жылдан Россия империясынын курамын­да болгон. 1919–1940-жылдары Литва Республикасынын борбо­ру. Готика стилиндеги шаар сепили (XIII–XVII кылымдар) жана Витовта костёлу (XIV–XV кылымдар), Пятро ир Пови­ло кафедралуу собору (XV–XVI кылымдар), барокко сти­линдеги ратуша (XVI–XVIII кылымдар), иезуиттер чиркөөсү (1666), монастырь (XVII-, XVIII кылымдын башы) жана башкалар сакталган. Шаардын жаңы бөлүгү XIX кылымдын орто ченинен курула баштаган. Витовта аскер музе­йинин мунарасына 1935-жылы карийон (коңгуроо топтомдорунан турган клавишалуу механизм; 1958-, 2006-жылдары жаңыртылган) орнотулган. Ма­шина куруу (станок, электр моторлору, телеви­зор, медициналык жабдуулар жана башкалар), металл иштетүү, тамак-аш (эт, сүт, сыр жана макарон азыктары), полиграфия, химия (жасалма була), фармацевтика, кагаз, полиграфия, курулуш материалдар, өнөр жай иш­каналары, гидроэлектростанциясы иштейт. Салттуу жеңил (трико­таж, жүн, жибек буюмдар, бут кийим жана башкалар) өнөр жай жана көркөм кол өнөрчүлүк (булгаарыга наар түшүрүү, жүндөн жана жыгачтан буюм жа­соо, көркөм карапа) өнүккөн. Алкоголдуу ичим­диктерди өндүрүүчү «Stumbras» (1906) жана ма­карон азыктарын чыгаруучу «Amber Pasta» ири компаниялары иштейт. Илим изилдөө институттары (бакчылык, то­койчулук, энергетика), университеттер, медицина, ветерина­рия, айыл чарба академиялары, эл аралык менежмент мектеби, 3 театр (анын ичинде драма, музыка, куурчак), калк китепканасы, 40ка жакын музей (анын ичинде М. К. Чюрлёнис атындагы сүрөт, адабият, тарых, зоология жана башкалар), сүрөт галереясы бар. Эл аралык «Кау­нас-жаз» жана башка музыкалык фестивалдар жана коңгуроо музыкасынын концерттери (1956) өткөрүлүп ту­рат. Зоология (1938) жана ботаникалык (1932) бактар уюш­турулган. Туризм өнүккөн.

Каунас – курорттор шаары