КАТЫШ ИДИШТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТЫШ ИДИШТЕР – түп жагы (негиздери) өз ара байланышкан идиштер. Капилляр түтүкчө­сүнүн диаметри­нен чоң диаметр­лүү катыш идиштерге бир тек­түү суюктук куюл­са, анын формасы­на карабай суюк­туктун деңгээли бирдей болот (1-сүрөт).

1-сүрөт.

Суюктук манометри, буу казандарынын суу өлчөгүч ай­нек түтүкчөлөрү катыш идиштерге негизделген. Эгерде катыш идиштерге бир тектүү эмес, тез аралашып кетпеген

суюктуктар куюл­са, анда ал суюк­туктардын деңгээ­ли тыгыздыгына жараша ар түр­дүү болот, башкача айтканда p h =p h , мында p , p – суюктук­тардын тыгыздыктары, h1 ж-а h2 суюктуктар­дын тийишип турган бетинен жогору жагы

2-сүрөт

(2-сүрөт). p h =p h байланышы аркылуу бир суюктуктун тыгыздыгы белгилүү болсо, экинчи суюктуктун тыгыздыгын аныктоого болот.